СЕМИНАР
Тогуз -Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарында «Компетенттүү мугалим -сапаттуу билимге ээ окуучу» темасында райондук семинар болуп өттү. Семинарга Тогуз-Торо райондук администрация башчысы-акимдин орун басары Мурзалымбекова Венера Бейшеналиевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондогу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери катышышты.
Семинардын максаты: Окуучуларга сапаттуу билим берүү менен бирге ,алардын инсандыгын,кайталангыс жөндөмүн,ой-пикирин сыйлоо жана нарктуу муунду тарбиялоо.
Семинарда жалпысынан 13 мугалим сабак даярдап, билим берүүдөгү ар түрдүү усулдарды, актуалдуу болуп келе жаткан «Окуу керемет» долбоорунун математика жана адабий окуу предметтеринде колдонулуучу эффективдүү стратегияларын пайдалануунун жолдорун,жана билим берүүдө мугалимге керектүү түрдүү сайттарды пайдалануунун мисалдарын көрсөтүп бере алышты.
Эң кызыктуу, окуучулардын сабакка болгон ынтызарлыгын өстүрүүчү «Акыл ордо» акыл таймашы, бул семинардын өзөгү болду. Мыктынын мыктысы тандалып, «Акыл ордо кубогун» жеңип алды.
Жыйынтыгында, семинардын катышуучулары өз каалоо-тилектерин айтып, семинар жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн белгилешти.
Комментарии