Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектеп 1983-жылы Макмал алтын кен комбинаты тарабынан мектептин курулушу башталып, 1986-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Алгач мектепке «Кыргызстан ЛКЖСнын 60 жылдыгы» атындагы Макмал орто мектеби деген ат берилген. Мектеп типтүү, жалпы аянты 26493,62 м2, учурда 62 класс кабинети бар. , мектеп негизинен 1170 орундуу, учурда 1493 окуучу билим алууда.  Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн Казарман айлында Нур-Жайык кичи районунда жайгашкан. Окутуу мамлекеттик жана расмий тилдеринде окутулуп, 2 кезметте окуу жүргүзүлөт. №125541-3303-М-е Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү күбөлүккө 06.10.1995-жылы ээ болгон. №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби деп 2018-жылдын 14-мартында каттоодон өткөн.

2013-жыл 25-декабрда №802-1 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Макмал орто мектеби «Кыргыз Республикасынын 100 инновациялык мектеби» статусуна ээ болгон.

Мектептин  ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, баланын укуктарынын Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын “Билим жѳнүндѳ” мыйзамынын негизинде жүргүзүлѳт жана баланын жеке жѳндѳмдүүлүктѳрүн жана талаптарын эске алуу менен билим берүүнүн диний эмес мүнѳздүүлүгүнүн, демократиялуулуктун, ачыктыктын, жалпы адамзаттын баалуулуктарынын приоритетинин принциптерине туура келет.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета