ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ — 2024

Районубуздагы мугалимдердин чыгармачылыгын жогорулатуу жана билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу максатында, мугалимдер арасында II баскычта “Жылдын мыкты мугалими-2023” кароо сынагы 15-апрель  күнү өткөрүлүп, жыйынтыгында Т. Мойдунов атындагы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч орус классынын мугалими Бекташова Жанара Бекташовна эң жогорку балл алса, биология мугалими Аманова Канышай мыкты балл алып эки мугалимибиз тең областка жолдомо алышты. Областтык баскычта дагы байгелүү орунга жетишип, мектебибиздин намысын бек коргойт  деп ишенебиз! Жеңишиңиздер кут болсун!