ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2023

Районубуздагы мугалимдердин чыгармачылыгын жогорулатуу жана билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу максатында, мугалимдер арасында II баскычта “Жылдын мыкты мугалими-2023” кароо сынагы 12-13-май күндөрү өткөрүлүп, жыйынтыгында Т. Мойдунов атындагы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Кулубаева Забида Жамшытбековна баш байгени багындырды. Областтык баскычта дагы байгелүү орунга жетишин каалап, ишине ийгилик каалайбыз!