КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН-АЛУУ ЖАНА БОЛТУРБОО
№1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал мектебинде Кыргыз Республикасынын 2023-2024-окуу жылына карата “Укук бузуулардын алдын алуу” жана “Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо”, “Эрте никеге туруу бул — кылмыш” деген темалар боюнча иш чара болуп өттү. Иш чарага Билим берүү бөлүмүнөн, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнөн, Ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр жана мектеп директорунун катушуусунда болду. Иш чараны мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Н. Кайыпбекова, соц. педагогу Н. Бакасова жетектеди. Тегерек стол “Адепсиздиктин акыры кылмыш, кылмыш акыры жаза” деген темада өттү. Тегерек столдо слайд көрсөтүлүп окуучулар суроого жооп алышып, талкуу жогорку деңгээлде болду. Биздин максат келечек муун болгон окуучуларыбыз кылмыштуулуктан алыс болуп, зордук-зомбулукка кабылбоосуна тилектешпиз.
Комментарии