«МЫКТЫ МЕКТЕП- 2024»

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып,  Т.Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебибиз “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйландык. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

«Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Тандоого республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты.