АК КАЛПАК КҮНҮ
АСМАНДАН ЖАРЫК КӨРСӨҢ ЖЫЛДЫЗ ДЕП БИЛ,
АК КАЛПАК КИЙГЕНДЕРДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына «Ак калпак» күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак тарыхы Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.Бүгүн №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал мектебинин 8-9-10-11 класстын окуучулары Ак калпак кийип жөө жүрүшкө басып, маданият үйүнүн алдында чакан иш чара өттү.
Комментарии