23-СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗ ТИЛИ КҮНҮ!
Кыргыз журтунун сан миң жылдык санаты, чексиз сөз казынасы, аалам терметкен акыл даремети, баары ушул тили менен уланып, тили менен куралып келген.
Чыгыштын чыгаан акылмандарынын бири “Тил акыйкаттын босогосуна алып баруучу жол” дегендей, калетсиз соз кайсы убак болбосун күүсүнөн жанбай, күчүнөн талбай касиетин калкка ыроойлойт тура.
Андыктан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына арналган “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу” аттуу фестивалдын катышуучулары, тил майрамы жалпы журтка кут болсун!❤️
Комментарии