1-сентябрь Билим күнү
Бүгүн өлкөбүздө бардык билим берүүчү уюмдар эшик ачып, жаш жеткинчектерди тосуп алды. Биздин мектебибизде да салтанаттуу иш-чара болуп, алгачкы коңгуроо үнү жаңырды. Мектеп директору Н.Атамкулова 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу доклад окуп, мектеп босогосун жаңы аттап жаткан бөбөктөргө ийгилик каалады. Келген меймандар тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, жаңы башталган окуу жылы ийгиликтерге мол болуусун каалашты.
Комментарии