Бүгүн мектебибизде мугалимдердин «Кесиптик майрамына» карата «Спорт-ден соолуктун булагы» деген негизде волейбол оюну болду. Жетектеген дене тарбия мугалими Иманбаева Жүрсүн Абдышовнага терең ыраазычылык, ишине ийгилик каалайбыз. Майрамыңыздар менен!
08.10.2024 22
Районубуздун акими Мураталиев Манас Манапбекович «Жыл мугалими-2024» райондук, облустук баскычтардан өтүп, республикалык сынакка катышып келишкен сыймыктуу мугалимдерибиз Бекташова Жанара менен Аманова Канышайга Египетке 7 күндүк жолдомо тапшырды. Тапшыруу аземине Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таалайбеков Бактыбек Таалайбекович жана мектеп директору Атамкулова Назгүл Токтоналиевна катышты. Мыкты мугалимдерибизге ак жол каалап, көңүлдүү эс алып келишине тилектешпиз.
08.10.2024 18
МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим. Бүгүн […]
03.10.2024 25
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Биздин мектепте да «Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы» белгиленип, мугалимдер жана окуучулар тарабынан концерт даярдалып, кыргыз ыр-күүлөрү жаңырды. Дубал газета, […]
23.09.2024 16
АСМАНДАН ЖАРЫК КӨРСӨҢ ЖЫЛДЫЗ ДЕП БИЛ, АК КАЛПАК КИЙГЕНДЕРДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ! Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына «Ак калпак» күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. […]
05.03.2024 21
11-класстардын бүгүнкү биринчи күнү мамлекеттик катчы С.Касмамбетовдун сабагы менен башталды. Балдар үчүн чоң дем, шык, күч болот деп ишенебиз, анткени абдан таасирдүү болду.
02.09.2024 27
Билим күнү кут болсун! Кош келдиңер, сүйүктүү окуучулар!
02.09.2024 21
№1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал мектебинде Кыргыз Республикасынын 2023-2024-окуу жылына карата “Укук бузуулардын алдын алуу” жана “Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо”, “Эрте никеге туруу бул — кылмыш” деген темалар боюнча иш чара болуп өттү. Иш чарага Билим берүү бөлүмүнөн, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнөн, Ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр жана мектеп директорунун катушуусунда болду. Иш […]
06.03.2024 68
Резервде турган педагогикалык кадрлар – Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү https://toguz-toro.jalalabad.kg/news/rezervde-turgan-pedagogikalyk-kadrlar/
01.03.2024 106
Тоту Мойдунов атындагы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин 1998-жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүү максатында быйылкы бүтүрүүчүлөргө китептерди белекке беришти. 1981-жылкыларга ыраазычылык билдиребиз.
12.03.2024 71
УРААНЫМ МАНАС, УЛУТУМ КЫРГЫЗ! «Манас таануу» таймашына Тогуз-Торо району боюнча 20га жакын топ катышса, жаш манасчылар кароо-сынагында 35 манасчы күч сынашты. 1-орун №1 Т.Мойдунов о.м «Нур Манас» тобу 2-орун №2 А.Абдраимов о.м «Берен» тобу 3-орун №7 Бирдик о.м «Жетиген» тобу Орус тилдүү топтор арасында Макмал мектебинин “Даанышман” тобу облуска жолдомо алды.
25.02.2024 108
АНГЛИС ТИЛИ ЖУМАЛЫГЫ Мектебибизде англис тили жумалыгы өтүп жатат.
20.02.2024 66